Кыргызстанга январь-февраль айларында 27 миң 500 унаа импорттолду

Кыргызстанга январь-февраль айларында 27 миң 500 унаа импорттолду. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ташылган транспорттун жалпы баасы 477 миллион долларды түзөт.

 

Унаалардын басымдуу бөлүгү Кытай, Түштүк Корея жана АКШдан жеткирилген. Андан тышкары тизмеде Япония, Германия, Бириккен Араб эмираттары, Грузия, Литва жана Улуу Британия бар.