Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 280 млн долларга жетти

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2023-жылдын аягына карата 6 млрд 280 млн долларга жетти. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, анын 4 млрд 652 млн доллары тышкы карыз, калганы ички бересе.

 

Кыргызстан эң көп сумманы Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына төлөшү керек. Андан кийинки орунда Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы жана Эл аралык валюта фонду турат.