Алты күн аралыгында евро дээрлик 2% арзандады.
Мындай көрсөткүчтү Улуттук банктан билдиришти.
Европа валютасынын төмөндөө тенденциясы ушул жылдын
17-июнунан бери байкалууда. Анда евро евровалютанын бир бирдиги үчүн
102,5 сомду түзсө, бүгүн (23-июнда) 100,5 сомду түздү.
Кошумчалай кетсек 2-апрелде евронун сомго карата төмөндөшү байкалып,
99,4 сомго жеткен. Кечээтен бери АКШ долларынын орточо сатуу курсу
84,7545 сомго, орус рубли 1,1693 сомго, теңге 0,2025 сомго чейин арзандады.