Кыргызстандын мамлекеттик бажы кызматы төлөмдөрдү чогултуу боюнча жылдык планды эртелеп аткарды

Кыргызстандын мамлекеттик бажы кызматы төлөмдөрдү чогултуу боюнча жылдык планды эртелеп аткарды. Январдан тарта бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы  94,5 миллиард сомго жетти.

 

Мындай көрсөткүч биринчи жолу катталууда. Адистер белгилешкендей, сумма жыл сайын өсүп жатат. Жакшы жыйынтыкка алып келген себептердин бири катары коррупциялык схемаларды жокко чыгаруу дагы аталды. Салыштыра турган болсок, 2022-жылы Бажы кызматы 74 миллиард сом чогулткан.