Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоого каражат ратификацияланды

Жогорку кеңеш Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоого 100 миллион доллар каражат

алууну ратификациялады. Аталган мыйзам долбооруна 109 депутат добуш берди.

Азия өнүктүрүү банкы каражаттын 40 пайызын грант катары берсе, 60 пайызын

32 жылга насыя катары бөлөт. Ал эми долбоорду ишке ашырууга 160 миллион

доллар керектелет. Калган сумманы өлкө казынасынан жана

Евразия өнүктүрүү банкынан алуу пландалып жатат.