Экономика министрлиги ишкерлерди текшерүүгө мораторийди 2022-жылдын 1-январына чейин узартууну сунуштады. Ведомстводон белгилешкендей, бул экономиканы турукташтырууга жана бизнес-чөйрөнүн активдүүлүгүн камсыздоо үчүн зарыл.
Токтомдун долбоору министрлер кабинетинин кароосуна жөнөтүлдү. Эске салсак, бизнести текшерүүгө мораторий кийинки жылдын 1-январына чейин киргизилип, 10 мамлекеттик органга тиешелүү.