2019-жылы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 18 миллиард сомго өстү

2019-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 167,3 млрд. сомду түздү. Бул 2018-жылкыга караганда 18 млрд. сомго көп. Ал эми бюджеттин таңсыктыгы 853 млн. сомду түзгөн.

 

Бул маалыматты өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 13-майда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди. Премьер-министр былтыр өкмөт тарабынан ишке ашырылган бир катар долбоорлор боюнча маалымат берип, Кумтөр, Жерүй жана башка алтын кендеринен мамлекеттик бюджетке түшкөн акча көбөйгөнүн белгиледи.

 

Абылгазиевдин айтымында, былтыр жергиликтүү бюджеттердин да өлчөмү көбөйгөн.

 

Кыргызстандын республикалык бюджетинин жалпы кирешеси 2019-жылга карата 152,1 млрд. сом, чыгашасы 162 млрд. сом, ал эми тартыштыгы 9,9 млрд. сом деп эсептелген. Былтыр казынага 3 млрд. 600 млн. сом түшпөй калган. Анын ичинен Мамлекеттик салык кызматынан 1 млрд. 525 миң сом, Мамлекеттик бажы кызматынан 1 млрд. 436 миң сом чогулган эмес.