Бишкектин “Арча-Бешик-2” конушунда жаңы мектеп курулуп жатат

Бишкектин “Арча-Бешик-2” конушунда жаңы мектеп курулуп жатат.

Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, имарат 500 орунга ылайыкталган.

Анда окуу корпусу, спорттук залы, коомдук тамактануу бөлүмү каралган.

Курулуш иштерин жаңы окуу жылына чейин бүткөрүү пландалууда.

Окуу процессинин толук кандуу өтүшү үчүн мектеп бардык шарттар жана эмеректер менен жабдылат.