Улуттук банктын өткөн жылкы кирешеси 9 миллиард сомду түздү

Улуттук банктын өткөн жылкы кирешеси 9 миллиард сомду түздү.

 

Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди. Анын айтымында, 2022-жылы Улуттук банк эл аралык валюта рыногуна 486 миллион доллар чыгарды.

 

Ал эми чет элдик валютаны сатып алуу боюнча  интервенцияларда 190 миллион доллар алынган. Валюталык интервенциялар доллар серпилүүсүн алдын алуу үчүн жасалат.