Саламаттык сактоо министрлигине тез жардам унааларын сатып алуу үчүн 160 млн сомдон ашык бөлүнөт

Саламаттыкты сактоо министрлигине тез жардам унааларын сатып алуу үчүн 160 миллион сомдон ашык бөлүнөт.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Жабдуулар жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдан түшкөн акчага сатылып алынат.

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда бир нече жылдан бери тез жардам унааларынын жетишсиздиги көйгөй жаратып келет.

Жарандар муну өзгөчө 2020-жылдын жай айларында, коронавирус пандемиясы күчөгөн маалда сезишти.