Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери жасалма документтерди берүү фактысына университеттерди текшерүүдө

Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери жасалма документтерди берүү фактысына университеттерди текшерүүдө.

 

Учурда атайын кызматтын өкүлдөрү Бишкек, Ош, Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көлдөгү жогорку окуу жайларды текшерип жатат.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин Кыргызстанда 90дон ашык чиновник жасалма диплом алгандыгына шектелип жаткандыгы жарыяланган. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, ички иштер органдарынын, саламаттыкты сактооо тармагынын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери бар.