Килиан Мбаппени эми футбол сүйүүчүлөрү “Реал Мадридде” көрүшү ыктымал

Франциянын футбол жылдызы Килиан Мбаппени эми футбол сүйүүчүлөрү “Реал Мадридде” көрүшү ыктымал. Инсайдерлер маалымдагандай, чабуулчу аталган клуб менен келишим түздү.

 

Анын трансфери ушул жайда болот деп күтүлүүдө.

 

ПСЖ жылдыздуу оюнчусун алып калуу үчүн жылына 100 миллион еврого чейин сунуштады. Бирок Килиан Мбаппе бала кезден бери “Реалда” ойноону кыялдангандыктан, бардык сунуштарды четке какты.