“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги жоюлат

Министрлер кабинети 10-февралдагы жыйынында “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингин жоюу тууралуу чечим кабыл алды. Өкмөт тараткан маалыматта, бул компаниянын «мындан аркы ишмердүүлүгү максатка ылайыктуу эмес экени» белгиленген.

 

«Кабыл алынган чечимдин алкагында Финансы министрлигине улуттук холдингди жоюуга байланыштуу комиссия түзүү тапшырылды. Бул комиссияга эки айлык мөөнөт берилди»,-деп жазылган маалыматта.

 

Өткөн аптада Эсептөө палатасы «Кумтөр Голд» компаниясынын 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейинки чыгашасын иликтеген жана эбегейсиз каражат майнапсыз коротулганын билдирген.

 

Анда «Кумтөр» ишканасы “Улуу көчмөндөр мурасына” былтыр алты айда 32 долбоорду ишке ашыруу үчүн 1 миллион 908 миң доллар жумшаганы ачыкка чыккан. Каражаттын 1 млн. 731 миң доллары кызматкерлердин (1 млн. 148 миң долларды чет өлкөлүк кызматкерлер алган) айлыгына кеткен.

«Улуу көчмөндөр мурасы» мындан туура бир жыл мурда түзүлгөн жана анын жетекчиси болуп ошол маалда «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу болуп турган Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган. Улуттук холдинг кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялаган.

 

Тенгиз Бөлтүрүк былтыр сентябрда «Кумтөрдөгү» коррупцияга айыпталып кармалган. Башкы прокуратура жалпысынан үч кылмыш иши козголгонун билдирген.

Бөлтүрүк өзүнө тагылган айыптарды, Эсептөө палатасынын аудиттик отчетунда дооматты четке каккан.