Кыргызстан интернаттарында тамактанууга бөлүнгөн каражат 50 пайызга көбөйтүлдү

Кыргызстан интернаттарында тамактанууга бөлүнгөн каражат 50 пайызга көбөйтүлдү. Бул тууралуу бизге Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

 

Анын айтымында, буга чейин карылар жайгашкан интернаттарда тамактанууга бир күнгө 100 сомдон бөлүнсө, эми бул сумма 200 сомго жеткирилди. Ал эми интернатта жашаган жаш балдардын тамактануусуна 125 сомдун ордуна, 250 сомдон бөлүнүп баштады.

 

Базарбаев белгилегендей, бүгүнкү күндө министрликтин карамагында 16 интернат бар.