Жетим-Тоо, Бала-Чычкан темир кендерин Кыргызстан өзү иштетет

Жетим-Тоо, Бала-Чычкан темир кендерин Кыргызстан өзү иштетет. Бул тууралуу  Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, учурда анда жаңы түзүлгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп жатат.

 

Анын жыйынтыгы менен завод курулуп, темир казуу жумуштары башталат, — деди Жапаров.

 

Белгилеп кетсек, Жетим-Тоо кени Нарын облусунда, ал эми Бала-Чычкан Таласта жайгашат.