Сингапур бийлиги бардык коронавирустук чектөөлөрдү алууда

Сингапур бийлиги бардык коронавирустук чектөөлөрдү алууда.

 

Эми өлкө аймагына кирүүнү каалаган туристтерге вакцинация тууралуу сертификат жана камсыздандыруу көрсөтүү милдеттүү эмес.

 

Андан тышкары, коомдук транспортто бет кап тагынуу режими алынып жатат. Бирок медициналык жайларда маска тагынуу керек болот. Мындай жеңилдиктер 13-февралдан тарта киргизилет.