“Унаа” мамлекеттик ишканасынын бардык бөлүмдөрү эртең иштебейт.
Ички иштер министрлигинен эске салышкандай, 7-апрелде Кыргызстанда Апрель революциясынын күнү белгиленип, эс алуу жарыяланган.
Ал эми ишемби, жекшемби күндөрү Бишкек, Батыш, Ош жана Жалал-Абад бөлүмдөрү ачык болот. Жарандар транспортту каттоо боюнча бардык кызматтарды ала алат.