Бүгүн Кытайдан “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасы келиши күтүлүүдө

Бүгүн Кытайдан “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасы келиши күтүлүүдө.

Бул тууралуу республикалык имуннопрофилактика борборунун директору

Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, препарат гуманитардык

жардам катары берилген. Бирок Кытай тараптын шарты боюнча вакцинаны

жеткирүү иштери менен кыргыз тарап алектениши керек. Маселе чечилди,

вакцинанын партиясы чартердик каттам менен жеткирилет.