Бишкектин эки мектебинин окуучуларынан коронавирус аныкталды

Бишкектин эки мектебинин окуучуларынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Андан билдиришкендей,  балдардын үйлөрүндө вирус жугузуп алгандар болгону такталды.

 

Учурда алар менен бир класста окугандардын бардыгы эки жумага аралыктан окууга жиберилди. Ал эми мугалимдер ПЦР-тест тапшырууга жөнөтүлдү.

 

Буга байланыштуу, үйдө коронавируска чалдыккандар болсо, балдарды мектепке жибербей туруу сунушталат. Эске салсак, Бишкектин мектептеринде 18-январдан  тарта 1-5-9-11-класстын окуучулары салттуу режимде окуп баштаган.