Ынтымак Мурадил уулу жаа атуу боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болду

Кыргызстандын жаа атуу боюнча курама команданын мүчөсү Ынтымак Мурадил уулу Казакстанда өткөн “Алтын Ордо” эл аралык мелдешинде 1-орунду ээледи.

 

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Атырау шаарындагы турнирде Мурадил уулу 70 метр аралыкта жаа атуу боюнча жарышып, жеңүүчү болду.

 

Аталган мелдеш 26-29-апрель күндөрү өтүп, ага 11 мамлекеттен (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Россия, Малайзия, Венгрия, АКШ, Австрия, Монголия, Бириккен Араб Эмираттары) келген 130дан ашык спортчу катышты.