Бишкекте самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт

Бишкек шаарында самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Эл аралык самбо федерациясынан кабарлашты.

 

Маалыматка ылайык, самбо боюнча дүйнө чемпиондугу Түркмөнстандын Ашхабад шаарында, жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугу Болгариянын Панагюриште шаарында өтмөк. Бирок бул өлкөлөрдүн улуттук федерациялары ФИАСга бул турнирлерди өткөрүүнү башка күнгө жылдырууну суранышкан.

 

«Дүйнөлүк чемпиондукту өткөрүү боюнча талапкер өлкөлөрдүн сунуштары каралып, Кыргыз Республикасынын Самбо федерациясынын арызы ФИАСтын Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн добушуна коюлуп, колдоо тапты. Турнир Бишкекте мурда пландаштырылгандай 11-ноябрдан 13-ноябрга чейин өтөт», — деп жазылат маалыматта.

 

Ал эми жаштар арасындагы самбо боюнча Дүйнө чемпиондугун өткөрүү Ереванга берилген.