Дүйнө чемпионатынын алкагында оюн талаасына бүгүн Лионель Месси чыгат. Тайпа ичиндеги тандоо оюндары уланууда. Бишкек убактысы боюнча күндүзгү саат 4тө “Люсаил Стадиумда” Аргентина – Сауд Аравия курамалары беттешет.
Андан кийин кечки саат 7де футбол сүйүүчүлөрү Дания – Тунис, түнкү 10до Мексика – Польша курамаларынын оюндарын көрө алышат.
Түнкү саат 1де оюн талаасына азыркы дүйнө чемпиону Франция чыгат. Аларга “D” тобунда Австралия курамасы кез келет.