Лос-Анжелесте температуранын абсолюттук рекорду катталды

Лос-Анжелесте температуранын абсолюттук рекорду катталды – 49,4 градус. Бул тууралуу АКШнын улуттук метеорологиялык кызматы кабарлады. Шаар тургундары социалдык тармактарда ар кайсы буюмдардын күнгө ээрип жатканын жайгаштырууда.

 

Бирок мындай абалдын жакшы жактарын көргөндөр да бар,  алсак унаанын алдыңкы айнегинде тамак жасаса болот, — дешет алар. Буга чейинки рекорд 14 жыл мурда катталган. Анда Лос-Анжелесте күн 48 градуска чейин ысыган.