Өзгөн шаарында УКМКнын жаңы имараты ачылды

Өзгөн шаарында УКМКнын жаңы имараты ачылды. Комитеттин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, бул төрага Камчыбек Ташиев өзү ачкан түштүк бөлүмдүн алтынчы имараты.

 

Сентябрдан ноябрь айына чейин УКМКнын кызматкерлери үчүн Жалал-Абад облусунун Ноокен, Сузак, Ала-Бука райондорунда, Кара-Көл шаарында жана Ош облусунун Алай районунда жаны бөлүмдөр ачылган.