Талас облусунун Бакай-Ата районунда сел жүрдү

Талас облусунун Бакай-Ата районунда сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ кечинде суу ташкындап

Түйтө айылындагы 37 үйдүн короосуна толуп калды. Андан тышкары, үй-бүлөлүк

дарыгерлер тобунун имаратын жана мектепти дагы каптады. Ошондой эле Талас

районунун Бердике айылындагы 70 гектар айдоо аянтын сел алды.

Тазалоо иштерине куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар тартылды.

Жеринде жарандык коргоонун кызматкерлери иштеп жатат.