Ош облусунун Кара-Кулжа районунда мектеп толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Буйга айылындагы билим берүү мекемесинин аянты 350 чарчы метр болчу.
Аны жалын толук жок кылды. Өрттүн себеби такталууда.