Өлкө аймагында 92 үй-бүлө коопсуз жактарга көчүрүлдү

Өлкө аймагында 92 үй-бүлө коопсуз жактарга көчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, алардын ичинен 23 үй-бүлө убактылуу тигилген чатырда, 69 үй-бүлө туугандарыныкына жайгашты.

 

Ведомство тарабынан Ош облусунун аймагында 106, Баткенгеа 10 жана Жалал-Абад облусуна  22 чатыр, жалпы 138 чатыр бөлүнүп, коопсуз аймактарга орнотулду. Ушул күндөрү тынымсыз жааган жаан-чачындан улам айрым аймактарда сел, көчкү жүрүү коркунучу сакталууда.