Жалал-Абадда жер көчүп, бир үй-бүлө көчүрүлдү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Чкалов айылында жер көчтү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 7 миң куб метрди түзөт.

 

Жеринде адистер тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, 1 турак жайга кооптуулук жаралганы аныкталган. Андагы үй-бүлө жергиликтүү бийликтин берген эскертмесинин негизинде көчүрүлдү.

 

Маалымдалгандай, көчкү түшкөн аймактын айланасында 250 метр узундукта 20-25 см жаракалар бар экени аныкталып, жергиликтүү тургундарга жайыт жерлерге мал багууга, жерди айдабоого, тоют жыйнабоого эскертүүлөр берилди.

 

Учурда Базар-Коргон району боюнча 98 үй-бүлө кооптуу аймакта күн өткөрүп келүүдө, анын тогузу ушул айылда жайгашкан.