Баткен облусунун Миң-Өрүктү айыл аймагына жакын чек арада 8 жаштагы балага ок тийди. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, катардагы жоокер К.Ж. белгисиз себептерден улам баланы атып алган. Окуя 7-август күнү Баткен облусунун Миң-Өрүктү айыл аймагына жакын чек арада болгон.
Жаракат алган бала облустук ооруканага жеткирилип, абалы оор.
Азыркы учурда териштирүү иштери жүрүүдө.