Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо өтөт

Башка кабарлардан. Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо өтөт.

Мындай билдирүүнү азыркы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев жарыялады.

Анын айтымында, добуш берүү ушул жылдын күзүндө болот.

Токаев ошондой эле президенттин ыйгарым укуктарын жети жылдык мөөнөт менен чектөөнү сунуштады.

Казакстанда азыр иштеп жаткан Конституцияга ылайык, президент беш жылдык мөөнөттөн эки жолу шайлана алат.