Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү.
30-мартка чейин өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт.
Синоптиктер билдиришкендей, түштүк облустарында түнкүсүн абанын табы
+1…6 градус болсо, күндүз +8ге жетет. Ал эми Чүй жана Талас облустарында
түнкүсүн 0 чейин төмөндөйт, күндүз +3…+6 градус жылыйт. Көпчүлүк аймактарда
мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаап, шамалдын ылдамдыгы секундасына
15-20 метрге чейин жетет. Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жаралып,
жолдор тайгак болот. Унаалар ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.