Бишкекте дарак кулап жолтандабас менен минивэнди басып калды

Борбор калаада катуу шамалдан улам дарак кулап Toyota Harrier жана Honda Stream унааларын басып калды. Бул туурасында социалдык тармактын колдонуучусу Назгүл Мамытова жазды.

 

Анын айтымында, Ибраимов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Учкун» ишканасынын унаа токтотуучу жайына чириген бак кулаган. Ал эки автоунааны басып калган. Кадрдан Toyota Harrier машинасынын арткы терезеси талкаланып, кузову мыйрыйганын, ал эми Honda Stream унаасынын капотуна тийгенин көрүүгө болот.