Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 80 миллион доллар алуу ниетинде

Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 80 миллион доллар алуу ниетинде.

Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыялык жана

гранттык макулдашууга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Документке ылайык, сумманын 10 миллион доллары грант түрүндө ыйгарылса,

70 миллион доллары насыя катары келет. Каражат республикалык бюджетти

колдоого багытталат. Эми макулдашуу Жогорку Кеңешке ратификациялоого киргизилет.