Жаңы окуу жылында мектеп босогосун 156 миң бала биринчи жолу аттайт

Жаңы окуу жылында мектеп босогосун 156 миң бала биринчи жолу аттайт.

 

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, 30 миң 260 бала Жалал-Абадда биринчи класска барат.

 

Бул өлкө боюнча эң чоң көрсөткүч.

 

Андан кийин Ош облусу турат – 28 миң 943 бала, жана Чүй облусунда 24 миң 669 бала биринчи класска кабыл алынды.

 

Белгилеп кетсем, республиканын 11 шаарында биринчи класска кабыл алуу электрондук кезек системасы аркылуу жүрүүдө.