Кыргызстанда окуучуларга психологиялык жактан колдоо көрсөтүлөт

Кыргызстанда окуучуларга психологиялык жактан колдоо көрсөтүлөт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, ар бир райондук жана шаардык билим берүү бөлүмүндө ыкчам байланыш номери иштей баштайт.

 

Телефон аркылуу дистанттык окутуу боюнча мугалимдерге усулдук жардам, ал эми окуучуларга психологиялык колдоо көрсөтүлөт.

 

Эске салсак, 8-апрелден тарта өлкөнүн мектептери дистанттык окуу форматына өттү.