Бишкектиктер шаардык бюджетке онлайн режиминде көз сала алат

Бишкектиктер шаардык бюджетке онлайн режиминде көз сала алат. Бул тууралуу вице-мэр Алмаз Бакетаев билдирди. Анын айтымында, жарандар активдүү түрдө бюджетти түзүүгө жана анын багыттуу колдонулушуна тартылат.

 

Порталда квартал сайын отчет чыгарылып, бюджеттен сатып алууларга, сынактарга багытталган чыгашалар жарыяланып турат.

 

Белгилеп кетсек, Бишкектин быйылкы бюджетинин киреше бөлүгү 10 миллиард 900  миллион сомду түзөт.