Жаңы жылдык башкы балаты 17-декабрда жандырылат

Жаңы жылдык башкы балаты 17-декабрда жандырылат.

Мэриядан билдиришкендей, учурда Ала-Тоо аянтына орнотулуп жаткан

кыш сулуусун жасалгалоо иштери аяктап калды. Борбордук аянт

инсталяциялар, кичи балатылар, кар бүртүкчөлөрү, шарлар жана

чырактар менен кооздолду. Андан тышкары, ордо калаанын борбордук

көчөлөрүнө жаңы жылдык атрибуттар илинүүдө. Бишкекти жаңы жылга

жасалгалоо иштери ушул жуманын аягына чейин жыйынтыкталат.