АКШ Кыргызстанга экинчи ирет вакцина берди.
Бул тууралуу Американын Бишкектеги элчилигинен билдиришти.
Pfizer препаратынын 49 миң дозасы Бишкекке келип түштү.
Жеткирүү эл аралык COVAX программасынын алкагында ишке ашты.
АКШ буга чейин Кыргызстанга октябрда Pfizer вакцинасынын 259 миң
дозасын берген. Учурда COVID-19га каршы вакцинация кампаниясы
6 препарат менен жүрүп жатат. 2 миллиондон ашык адам эмдөөдөн өттү.