Жаңы жылга чейин өлкөнүн бардык тармактагы кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт

Жаңы жылга чейин өлкөнүн бардык тармактагы кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт. Буга президент Садыр Жапаров ишендирүүдө.

 

Өлкө башчы “Кабар” агенттигине берген маегинде билдиргендей, жылдын экинчи кварталында бардык тармактарда маянаны жогорулатуу пландалып жатат.

 

Эске салсак, 1-апрелден тарта мугалимдердин, актерлордун жана китепкана кызматкерлеринин айлыгы 80 пайызга көбөйтүлдү. Буга мамлекеттик бюджеттен кошумча 26 миллиард сом бөлүнгөн.