Жакында “Бишкек” эркин экономикалык аймагында үч долбоор ишке кирет

Жакында “Бишкек” эркин экономикалык аймагында үч долбоор ишке кирет.

Аталган мекеменин башкы директорунун орун басары Манас Мураталиевдин айтымында, беш айда 125 миллион сомго 16 ишкана менен инвестициялык келишим түзүлдү.

Анын алкагында, 2-3 айдан кийин жүндү кайра иштетүүчү ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда.

Мындан тышкары, синтетикалык жүндөн кийиз жасоочу өндүрүш даярдалууда.

Ошондой эле кургак боек чыгаруу ишкана курулууп жатат.