Түркиялык инвесторлор Кыргызстанда 25 миллион долларлык долбоорду ишке ашырат.
Бул тууралуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров билдирди.
Анын айтымында, учурда алар Кара-Балта килем комбинатын сатып алышты.
Анда миңден ашык жумушчу орун түзүлөт, — деди чиновник.
Сабиров белгилегендей, азыр инвесторлор курулуш иштери менен алектенип жатат жана жакын арада коомчулук фабриканын ачылышына күбө болот.