Жалал-Абад аэропортун көчүрүүгө жер тилкеси аныкталды.
24 агенттигине “Манас” эл аралык аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, жаңы аэропорт Сузак районуна караштуу Ой-Талаа айылында курулат.
Тиешелүү чечимди министрлер кабинети кабыл алды. Жарандык авиация агенттигине жер тилкесинде аэронавигациялык, метеорологиялык жана башка изилдөө иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди. Андан кийин аэропорттун курулушуна тендер жарыяланат.