Эксперттер жаңы жылдык белектердин антирейтингин түздү

Эксперттер жаңы жылдык белектердин антирейтингин түздү. Биринчи орунда жумшак оюнчуктар жана жылдын символун чагылдырган сувенирлер турат.

 

Сурамжылоого катышкан мырзалардын жарымы белекке устараны алганды жактырбайт. Андан кийинки орунда гигиеналык жеке буюмдар турат – сүлгү, самын, шампунь жана башкалар. Ал эми катышуучулардын 15 пайызы моюндагандай, алар көзүнө биринчи урунган буюмду белек катары ала берет.