Бишкекте дагы бир күндүзгү стационар ачылды

Бишкекте дагы бир күндүзгү стационар ачылды.

Мэриянын маалыматына ылайык, ал Жал кичи районундагы №95 мектепте жайгашат.

Анда 37 орун даярдалды. Мындан тышкары Кара-Жыгач конушундагы ресторанда

да 50 орундуу стационар ачуу пландалууда. Кошумчаласак, ордо калаадагы

15 күндүзгү жана түнкү стационарлар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Ага жалпысынан 36 миң бейтап кайрылып, алгачкы медициналык жардам алышты.