Жалал-Абад облусунун Аксы районунда ири Калкты тейлөө борбору ачылды. Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, объект Үч-Коргон айылында жайгашкан.
Эскилиги жетип, колдонулбай турган мекеменин имаратында жайгашкан борборду капиталдык оңдоого аймакты өнүктүрүү фонду 21 миллион сом бөлгөн.
Ошондой эле жергиликтүү салым 1 миллион сомду түздү.