“Токтогул” паркын реконструкциялоого дээрлик 24 млн сом жумшалат

Жалал-Абаддагы “Токтогул” паркын реконструкциялоого дээрлик 24 миллион сом жумшалат. Бизге шаардык мэриядан билдиришкендей, анын алкагында эс алуу багы жарыктандырылып, тротуар, отургучтар толугу менен жаңыланып, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

 

Белгилеп кетсек, аталган парк 1960-жылдары негизделген. Буга чейин толук оңдоп-түзөө болгон эмес.