Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу жок болот

Эртең, 13-апрелде эртең мененки саат 9дан кечки 9га чейин Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, бул күнү суу түтүктөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт.

 

Өчүрүү Ала-Арча дарыясы — Жибек Жолу проспектиси — темир жол линиясы-Жаш Гвардия бульвары, Жаш Гвардия бульвары-темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү — Манас проспектиси, Д.Сяопин проспектиси — Ала-Арча дарыясы – Бөкөнбаев көчөсү – Кулиев көчөсү – Москва көчөсү – Фучик көчөсү – Казаков көчөсү чектешкен аймактарга тиешелүү болот.

 

Калк ичүүчү сууну эртелеп камдап алышы зарыл.