Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда социалдык дүкөн ачылды.
Андан аз камсыздалган үй-бүлөлөр керектүү азыктарын акысыз ала алышат. Ал эми каалоочулар аларга жардам берип, социалдык дүкөнгө кийим, гигиеналык каражаттарды, азык-түлүк жана башка товарларды калтырып кетсе болот.