Чолпон-Атада таланттуу балдар үчүн президенттик мектеп курулуп жатат.
Өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, билим берүүчү мекеме 220 окуучуга эсептелип, курулушка каражатты демөөрчүлөр берет.
Мектеп 15-сентябрга чейин ачылат деп пландалууда. Белгилеп кетсек, атайын окуу жай Саламаттыкты сактоо министрлигинин балансында турган курорттордун биринин аймагында курулуп жатат.