Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кошумча Калкты тейлөө борбору ачылат.
Президенттин аймактагы өкүлчүлугүнөн билдиришкендей, борбор Ленин айыл аймагында
пайда болот. Мекемени учурда иштебей турган №36 кесиптик лицейдин жатакансынын
имаратына жайгаштыруу пландалууда. Борбордун ачылышы менен ройондун 7 айылындагы
90 миңге жакын калкка кызмат көрсөтүлөт. Буга чейин Сузак айылында иштеп жаткан
тейлөө борборуна кайрылгандар көп болгондуктан кошумча имаратка муктаждык жаралды.